КӨЗ БООЧУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)дин. Көңүлүн башка жакка буруп алаксытуу менен жалган ишеним пайда кылуучу, сыйкырчы, сыйкырлап коючу. Күндүзүндө Кыязды жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды көз боочу салып алдаптыр («Сейтек»). Ыраңдуу тузду жайлаган, көз боочу болуп дубалап Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»). Сен балдардын атасысыңбы же көз боочусуңбу? (Жантөшев).