КӨЗ БАЙЛАНГАН КЕЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Күүгүм кире, каш карайып эч нерсе көрүнбөй калган убак, иңир. Көз байланган кезде гана ар үй өз очогуна от жагып тыным алышат (Укаев). Көздөгөн жерге чарчап-чаалыгып, көз байланган кезде жеттик («Чалкан»). В.: Көз байланган учур. Көз байланган учурда Керимакун базар жактан келди (Жантөшев). Көз байланган убак. Көз байланган убакта айыл тарапка канчалык карашса да тосуп чыгар Ыйсанын карааны көрүнбөдү (Осмоналиев). Көз байланган чак. Көз байланган чакта жылдыздар көк бетине жайнап чыга келди (Укаев).