КӨЗ АЧЫРБАЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир заматта, тез эле, бир паста. Алмамбет, Чубак кабылан Көз ачырбай жеткидей... Кыргын салып өткүдөй. («Манас»). 2. Мүмкүнчүлүк бербей, тынымсыз, кайра-кайра, үстү-үстүнө, дембе-дем, удаа-удаа. Айтор, бий, болуштар ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томояк кылды го (Элебаев). Залимдер көз ачырбай, жыл сайын алык-салыкты арбытты (Бейшеналиев). Түндөтөн бери көз ачырбай асман жерди чалкакейлеп турган ак жаан бешимден оогондо гана сээлдеди (Өмүрбаев). Өткөн күнү кечке көз ачырбай жамгыр жаап, Кулу жайыттан отунсуз кайтты (Осмоналиев).