КҮЧӨР
Энциклопедия "Манас". ч.1.КҮЧӨР — топоним. Кыргыздар жана аларга жакын турган элдер жашаган шаар. Каракандын сегиз уулунун кенжеси Жакып Алтайга айдалып барып, эгин эгип «Аксы менен Күчөрдөн, Ичерине чай алып» (Саякбай Каралаев, 1. 49) турганы айтылат. Географиялык реалияда Тянь-Шандын түштүк этегиндеги Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна караштуу түзөң жер, шаар. Илимий адабияттарда Куча деп берилип, жергиликтүү тилдерде Кучар-Күчөр деп айтылат мындагы «р» тыбышынын кошулуп айтылышы айрым илимий көз караштарда араб тилин тууроодон чыккан.