Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). -Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! - деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап тоңкоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы кел-кели жок деди («Ала-Тоо»). - Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү... (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлө турган мезгили жетүү, өлүү. Ажал жетип күн бүтсө, Аруу жууп көөмп кой («Манас»). Кичинекей кызы күнү бүткөн тоокту там башынан ыргытып ийиптир (Жигитов). – Чык эшикке, айбан! Күнүң бүттү сенин! – деп май көчүккө керилип туруп тепти эле, Орозкул төрт аяктап томпоңдоп барып, анан теңселе туруп эшикке чыкты (Айтматов). 2. Бийлиги, мансабы колдон кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Анын күнү бүттү, мурдагы келкели жок деди («Ала-Тоо»). В.: Күнү бүтүп, суусу ичилүү. Күнүң бүтүп, сууң ичилди го шордуум (Жоошбаев). Күнү бүтүп, суусу түгөнүү. Анын күнү бүтүп, суусу түгөнгөн экен. Күнү түгөнүү. Күнүң түгөнгөндө, айлаң кеткенде бул жайга келет экенсиң (Сыдыкова).