КҮЛҮН ДОДО КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир жерге турук алып, байырлап орун-очок алып туруп калуу. «Эгер кокус жолуктуруп калсаң, үйлөн, күлүңдү бир жерге додо кыл да, теңтуш эмессиңби, ийге көндүрүп кой», - деп атасы өтүндү («Советтик Кыргызстан»).