КҮЛҮК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мыкты жүгүргөн, жүрүшү, чуркаганы тез, ылдам. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Мүйүздөрүн алты кайрып орогон Тайган жетпес күлүк теке, кулжа бар (Осмонкул). Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Күчтүү күлүк от араба Алга карай зыркырайт (Токомбаев). || Катуу жүгүргөн, күлүктүгү жагынан таанымал болгон жылкы. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда (макал). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). Бөлүнүп чыгып келатса, Күлүктүн көркү чаңында («Мендирман»). Күлүк кетсе из калар, Күлдү журтта сөз калар (Калмырза). Таң-тамаша башталды, Күлүктөр тандап чабылып (Шүкүрбеков). Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз балда согуп жел (Кулумбаев).2. Тынбай удургуй берген, тез-тез өзгөрүлүп турган, учкул. Көпчүлүк кызый-кызый сөзгө кирип, Күлүк ой барган сайын өзгөрүлүп (Осмонкул). Десеңчи чиркин санаа кандай күлүк (Турусбеков). 3. Алдыда, алдыңкы катарда экендигин, мыктылыгын, башкалардан өзгөчөлүгүн билдирүүчү эпитет катарында колдонулат. Мен кыргызмын, жигитмин, Байгеде чыккан күлүкмүн (Үмөталиев).