Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ойноп-күлүп көңүл ачкан таң-тамаша, шаан-шөкөт, үлпөт. Күйөө келип той болуп, Күлпөткө балдар жыргашып («Олжобай менен Кишимжан»). Кыйбат Бермет сулууну, Кырк күнү күлпөт тойлотуп («Саринжи-Бөкөй»). Күлпөттүү элден айрылып, Күйүттүү күндө турамын (Казыбек).