сын. Болор-болбоско деле күлө берүүчү, көп күлүүчү, күлө берген. Санаасы жок — уйкучу, ары жок — күлкүчү (макал). [Керез] оюнкарак, күлкүчү, куудул-шылдыңчыл боло баштады (Бейшеналиев).
Күлкүсү тыйылбаган, болор болбоско деле күлө берме, көп күлүүчү. Бул топтун күлкүчүсү тигил Акия деген кетирейген сары келин белем (Сыдыкбеков). Дарыяхан күлкүчү болгондуктан, күлө берип көзүнөн жаш да чыкты (Жантөшев).