Киргизско-русский словарь Юдахина
күлдүр I
грохот;
күлдүр мамай или күлдүр мамай мылтык (в эпосе) огромное (букв. грохающее) ружьё;
күлдүр мамай мылтыкты күлдүрөтө атыптыр фольк. из огромного ружья он с грохотом выстрелил;
күлдүр-шалдыр см. шалдыр.
күлдүр- II
понуд. от күл- IV
смешить;
душманымды күлдүрдүң, ошонуң жакшы кеп беле? фольк. ты рассмешил (т.е. обрадовал) моего врага, разве это хорошо?
өлгөндү күлдүргөн такой, который даже мёртвого рассмешит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I күл этишинин аркылуу мамилеси.
КҮЛДҮР II туур. Нерсенин калдыр-кулдур эткендей туюк дабышын билдирүүчү сөз. Паровоз така-така, күлдүр-күлдүр, Тынымсыз кетип барат күндүр-түндүр (Абдыраманов). Ой трактор! Күлдүр-шалдыр, Чөгөрө сал, терең алдыр (Элебаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЛДҮР — эпизоддук кейипкер. Маңгул баатыры, Күнөс балбандын агасы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп өткөргөн түлөөгө чакырылат. Манас маңгулдарды Нескарадан куткарып калганда он төрттөгү уулу Чаганбайды Манаска жолдош кылып берет. Алтайдан Анжиянга көчүү тууралуу кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 60, 231 — 232, 250). Башка учурларда Чалыбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 39, 93, 144, 149, 180, 419; 3. 48, 165; 4. 43, 52).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЛДҮР МАМАЙ (уйгурча гүлдүр мама добуул, чагылган) — мылтыктын аты. Кыргыз, казак элдеринде алыска атылуучу жана үнү добулдай күркүрөп угулган мылтыктын (кээде замбирек) энчилүү аты катары айтылган. Сагымбай Орозбаков вариантында мындайча эскерилет. «Жазайылды жаткырып, Күлдүр мамай мылтыкты, Күркүрөтө аттырып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 217).