1. Күлкү келерлик кеп-сөз укканда же тамашага, кандайдыр бир окуяга карата же көңүлү көтөрүлүп, шаттанып, кубанып турганда ж. б. өзгөчө сезимин билдирип каткыруу, кыткылыктоо, жылмаю аркылуу күлкүсүн чыгаруу. Кубанып күлөт карыя Курбулары жанында (Бөкөнбаев). Амантур каткыра катуу күлдү (Убукеев). 2. Бирөөнү жактырбай табалаганын, шылдың кылганын же бирөөнүн оюн, ички сырын ж. б. биле койгондугун күлкү аркылуу билдирүү. Кайра мени шылдың кылгансып, атам корс-корс күлөт (Сыдыкбеков). Биле коюп кубанып, Мыйыгынан күлдү эми («Эр Төштүк»). Күлө турган иш, агайындар! – деп, Ачеке карыя колхозчуларга карады (Убукеев). Жок, садага иничек, Баласынтып күлбөймүн («Мендирман»). 3. Жадырап-жайнаган абалды, шаңдуу-шат көрүнүштү билдирүүдө колдонулат. Күн жылып эритип калды, Жылмайып күлдү жаздын алды (Шүкүрбеков). Нымтырап жаткан боз талаа Шаңданып күлгөн, сергиген (Бөкөнбаев). Эл күлдү да, жер күлдү, Бирин-бири сүйгөндөй («Мендирман»). Күлүп ийсең, кашкайган таңың кана? Көчөлөрдү дүрбүткөн шаңың кана? (Мамазаирова).