Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ – юридикалык жоопкерчиликтин бир түрү; жасалган кылмыштын укуктук кесепети – жазалоо таризиндеги мамлекеттик мажбурлоо. К.-ж. ж-не тартуу кылмыш-жаза ишин козгоо, андан ары иликтөө, соттук териштирүү дегенди билдирет. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн, кылмыш жасоого ниеттендиги үчүн, кылмышка катышкандыгы үчүн да К.-ж. ж. каралат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН БОШОТУУ – кылмыш-жаза институту, эгер жагдайлардын өзгөрүлүп кеткенине байланыштуу, ал жасаган жосундун коомдук коркунучтуу мүнөзү жойулса, же ал адам коом үчүн коркунучтуу болбой калгандыгы таанылса, ага ылайык биринчи жолу анча чоң эмес оор же оор эмес кылмыш жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Андай адам жабырлануучу менен макулдашып элдешкен учурларда да кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. К. ж. ж. б. төмөндөгүдөй мөөнөттөр өткөн учурларда да жүргүзүлөт: а) анча чоң эмес кылмыш жасагандан 2 жыл өткөндөн кийин; 2) анча оор эмес кылмыш жасагандан 5 жыл өткөндөн кийин; в) оор кылмыш жасагандан 10 жыл өткөндөн кийин; г) өзгөчө оор кылмыш жасагандан 15 жыл өткөндөн кийин. Башка катмардагы кылмыштарды жасаган адам КР кылмыш-жаза мыйзамдарында атайын каралган учурларда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНИН НЕГИЗДЕМЕСИ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын баардык белгилерин камтыган адам жасаган аракеттер (аракетсиздик).