Кылмыштын шарттуу курамы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТЫН ШАРТТУУ КУРАМЫ – шарттуу курамдарда кылмыш аяктаган учур мыйзамдын диспозициясында көрсөтүлгөн аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо менен байланышкан жана жыйынтыкты зарыл белги катары өзүндө камтыбайт. М.: коркунучта калтыруу өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч туулган абалда калган жана кичинекейлигинен, карылыгынан, оорудан же болбосо өзүнүн бейкаруулугунан улам өзүн сактоого чара көрүү мүмкүнчүлүгү жок адамды билип туруп таштап кеткендигинен көрүнгөн аракетсиздик актысын жасагандан кийин аягына чыккан болуп эсептелет.