Кылмыштардын шаймашай жыйындысы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТАРДЫН ШАЙМАШАЙ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, кылмыш-жаза мыйзамынын эки же андан көп статьясында каралган кылмыштардын белгилерин камтыган бир гана аракетти (аракетсиздикти) билдирет. Кылмыштардын көп түрдүүлүгүнүн тариздеринин бири. К. ж. и. бирканча ирет кылмыш жасагандыкты билдирбейт.