Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗЫЛ КИТЕП – өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сейрек жолугуучу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн таралуусу, саны, биологиясы жана аларды коргоо чаралары жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган китеп. Кызыл китепке жок болуу алдындагы, азайып бараткан, сейрек кезигүүчү, толук изилденген, калыбына келген жаныбар, өсүмдүктөрдүн түрлөрү катталган.