Кызматчылардын өкүлдөрү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ – кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин уюмдары, алардын уставдарына ылайык жумушчулардын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык уюштурулган башка уюмдар. Кесиптик бирликтердин мүчөсү болбогон жумушчулар кесиптик бирликтерге өз кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктарын бере алышат.