Киргизско-русский словарь Юдахина
куран I
ар.
коран;
куран оку-
1) читать коран;
2) (более употребительно) прочитать по покойнику короткий отрывок из корана (о человеке, который не присутствовал на похоронах, который впервые посещает семью покойного или его могилу);
бардыгына багыштап, куран окуган болот он читает коран по всем умершим;
аяш атам Манаска, барып куран окусаң, миң карача төө берем фольк. если ты прочитаешь коран по Манасу, другу моего отца, я дам тебе тысячу чёрных верблюдов;
куран окут- понуд. от куран оку-;
базардан бир козу алып союп, өлгөндөргө куран окутам (из сказки) куплю я на базаре ягнёнка, зарежу и попрошу (муллу) почитать коран по умершим;
куран түшүр- или куран катым кыл- прочитать (по умершему) весь коран (обычно это делают несколько чтецов по очереди);
өлгөнгө жаназа окуйт, куран түшүрөт по умершему он читает заупокойную молитву, читает коран;
куран карма- поклясться на коране (произнеся клятву, целуют коран, прикладывают ко лбу и возвращают);
ушундай деп бир сөздү айтпаска куран кармап бер фольк. поклянись на коране, что ты не будешь произносить подобных слов;
куран кармат- заставить поклясться на коране;
калп айта турган болсом, куран урсун! если я совру, пусть покарает меня коран!
куран II
1. самец косули (см. элик I) или джейрана (см. жейрен 2);
телкисин кууган куранбы? бүркүттэн качкан уларбы? фольк. не самец ли это косули, который гонится за самкой? не улар ли это, спасающийся от беркута?
2.: жалган куран или тяньш. абал куран март (см. ай I 2);
чын куран апрель (см. ай I 2).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Мусулман дининин догмалары жана эрежелери жазылган китеп.
  1. 2.                  Өлгөн адамга багыштап окулуучу арабча диндик текст.

¨ Куран түшүрүү — өлгөн адамдын арбагына багыштап куранды бүт окуп чыгуу. Куран урсун — актыгын, күнөөсүздүгүн билгизүү үчүн карганганда айтылуучу сөз. Куран кармоо — куран кармап ант берүү, каргануу.
КУРАН II зат. Эликтин эркеги.
¨ Жалган куран — элдик календарь боюнча март айы. Чын куран — элдик календарь боюнча апрель айы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУРАН (араб. кур’ан, сөзмөсөз – окуу) – мусулмандардын эң башкы ыйык китеби, Мекке жана Медина шаарларында Мукамбет пайгамбар тарабынан айтылган нуска кептер, каада-салт жана укук аныктамалары, сыйынуулар, накыл кептер, аркыл баяндардын топтому. Азыркыга чейин сакталып калган анын алгачкы сүрөөлөрү VII–VIII кылымдарга таандык. Азыркы учурда кээбир өлкөлөрдө (м.: Сауд Аравияда) К. ырасмий түрдө мамлекеттин баш мыйзамы болуп саналат. Ислам фундаментализмин туу туткан бир катар мусулман өлкөлөрүндө (м.: Иран, Судан, Ооганстанда ж. б.) К. мыйзам күчүнө ээ болгон өтө маанилүү ченемдик укук актысы катары каралат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. составной; составленный из кусочков, из лоскутков;
кырк куранды составленный из сорока разноцветных кусочков;
куранды ээр (в эпосе) род седла;
2. грам. словообразовательный аффикс;
жандуу куранды живой аффикс;
жансыз куранды мёртвый аффикс;
терс куранды аффикс отрицания.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУРАНДЫ ӨКМӨТ – парламенттеги депутаттык орундар аргандай партиялардын ортосунда бөлүндү болуп, анын натыйжасында бир партиялуу өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда парламенттик мамлекеттерде түзүлө турган өкмөт. К. ө. көбүнчө Италия, Венгрия, Бельгия, Нидерланддар, Румынияда түзүлүп келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаратуучунун, Кудайдын ыйык китеби. – Мусулмандардын эң башкы ыйык китеби. Курандын тексттери кудай тарабынан асмандан Мухаммет пайгамбарга жиберилген. Аят куран окушуп («Манас» С. О.). Кожонун көрчү куралын, Койнуна катып куранын (Осмонов). Койчу кыбыланы карап отуруп, куран окугандай күбүрөп бата кылды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Диндик ишеним боюнча өзүнүн күнөөсүз экендигин, актыгын ишендирүү маанисинде Куран китепти кармап ант берүү, актануу. Менин баламдын актыгын Кудай өзү көрүп тургандыр. Актыгы үчүн куран кармап беремин (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боёкторду кол менен майдалоодо колдонулуучу конус формасындагы аспап. Куранттар (формасы боюнча башы ылдый караган бокалды элестет) адатта, айнектен же фарфордон жасалат. 2. Бийик мунарага, же дубалга орнотулган музыкалуу саат жана ал сааттын музыка ойноочу механизми. Кремль куранты.