Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК УЮМ – өзүнүн түзүлгөн максатына жетүү үчүн тийешелүү чарбачылык иштерин, анын ичинде өндүрүш иштерин да жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюм. К. у-дун мүчөлөрү ал уюмдун менчигине өткөрүлүп берилген мүлктөргө карата өз укуктарын сактап кала албайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК УЮМДУН КЕПИЛДИГИ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында каралган бөгөт коюу чарасы; коомдук уюмдун шектүүнүн же айыпталуучунун талаптагыдай жүрүм-турумун, адепки тергөө жүргүзүүчүнүн, тергөөчүнүн, прокурордун жана сотттун чакыруусу боюнча келүүсүн камсыз кылууга жазуу жүзүндө берген милдеттенмеси. Кепилдик берүүчү коомдук уюмга ушул бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маани-маңызы жөнүндө кабарландырылуусу тийиш.