Коомдук кыймыл
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КООМДУК КЫЙМЫЛ – катышуучулары колдоо менен, социалдык, саясий жана коомдук пайдалуу максатты көздөгөн, мүчөлүгү жок жалпы коомдук бирикме. К. к-дын жогорку жетекчи органы – курултай (жыйын) же жалпы чогулуш.Курултай алдында отчет берүүчү шайланма акылдаштык органы (акылдаштар алкагы) анын туруктуу иштей турган жетекчи органы болуп саналат.