Каттоо мамлекети
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КАТТОО МАМЛЕКЕТИ – ырасмий реестрине (каттоосуна) аба, деңиз жана өзөн суу кемелери, космостук объекттер киргизилген мамлекет. Каттоонун натыйжасында алар улутка таандык болуп калышат. К. м. алардын үстүнөн өз юрисдикциясын жүргүзөт (кара:Мамлекеттин юрисдикциясы). М.: КР мыйзамы боюнча КР жарандык аба кемелери КР жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.