Карасанатай акты
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КАРАСАНАТАЙ АКТЫ – бир мамлекеттин, болбосо анын юридикалык же жеке жактарынын башка мамлекетке каршы, сөзсүз эле укукка каршы келбеген, бирок достук эмес болуп эсептелген аракеттери (м.: башка мамлекеттин юрисдикциясына таандык өз адамдарынын дипломаттык иммунитетин коргоону ишке ашырып жаткан мамлекеттин негиздүү дооматтарын канаттандыруудан баш тартуусу).