Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЛЬІЧ — жоокердик курал. Эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмасынан чапканда кесип же тешип кетүүгө ыңгайлаштырылган өткүр миздүү. учтуу курал. Бир аз кайкалаган көрүнүштөгү жука «баанектен» жана алып жүрүүгө ылайыкталган «толтолуу» саптан турат. Жоокердик заманда сырткы душмандар менен салгылашууда жана өзүн-өзү коргоодо колдонулган. Жоокердик заманда К-ты негизги курал катары үйрөнүүнү кыргыздар бала кезинен үйрөнө баштагандыгын элдик «мангел уруу», «ашкабак чапмай» жана башкалар оюндарда К. чабуунун ыкмаларын үйрөнүү эрежелеринин сакталып калгандыгынан көрүүгө болот. Демек, К. кыргыздарда негизги курал болгонуна караганда анын сапаттуу жасалышына да абдан көңүл бурулган болуу керек. Ал эми эпосто К-тын асем кооздолуп жасалышы төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Кубулган миздүү ак албарс,
Атаңдан калган кылычтын,
Алтын торго албарстын,
Байнеги кооз болсун деп,
Бооруна алтын чөгөрткөн,
Билеги кооз болсун деп —
Билдин сөөгүн саптаган,
Кабы кооз болсун деп
Өтөгөндүн терисин
Өз кырына каптаган (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 846- инв., 831-б.).

Бул маалыматтарга караганда Манастын кылычын Бөлөкбай Төкөр уста деген атактуу усталардын жыл маалына чейин узанышып, араң жасап бүткөндүгү эпосто айтылган. К-тын курчтугун күчөтүүдө:
Көмүрүнө чыдабай
Көп токойлор кыйылган
Көөрүгүнө чыдабай
Көп букалар союлган
Сугатына чыдабай
Көп булактар соолгон
деген эпостогу апыртма сүрөттөөлөр К-ты жасоого абдан көңүл бөлгөндүгүн айгинелеп турат.



Ушинтип жасалган «кереметтүү» К-тар атадан балага мурас калтырылган. Ал өткөндүн эстелиги катары сапаттуулугу боюнча «ыйык», «касиеттүү» сезилип бардык эле адамдар колун тийгизип кармоого же колдонууга даай алышкан эмес. Аны айрым гана өзгөчө инсандар колдонгон жана анын көзөмөлүндө болгон. Жогоркудай жасалгалуу кылычтарды атактуу баатырлардан бөлөк, эл башкарган жетекчилер да бийликтин символу катары алып жүрүшкөн. Мындай учурда К. шаан-шөкөттүн, дөөлөттүн белгиси катары көрүнөт. Көптөгөн элдерде (сактар, усундар, гунндар жана башкалар) К. байыркы доордон тартып эле негизги курал катары пайдалангандыгын археологиялык табылгалар ырастайт.
К. Айдаркулов