КЫЛДАН КЫЙКЫМ ТАППОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эптеп айыптоонун, күнөө коюунун шылтоосун издөө. Кечээ бирөө үйүндөгү жигиттерге эски эт түгөнө элек деп, жаш мал соё албаган экен, кылдан кыйкым таппай араң турган жигиттер аны камчыга алып аябай сабашты (Үмөталиев). Кылдан кыйкым таппай ыйлаак болуп кетти (Өмүрбаев). Жанагы кылдан кыйкым таппаган немеси далайды иренжитпесе экен (Ашымбаев).