кыз-кыркын
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыБайыркы түрк тилинде кыркын деген сөз «невольница, наложница» деген маанини билдирген (ДТС 1969:446) жана азыркы кыргыз тилиндегидей эле кыз-кыркын деген кош сөз түрүндө да колдонулуп, «невольницы, наложницы» деген маанини туюндурган (ДТС:1969:449). Бул компоненттин байыркы мааниси «кыз» болгон деген божомол бар (ЭСТЯ 1997:238). Бул боюнча кыргыз тилинде кызыктуу материалдар бар. Алсак, К.К.Юдахиндин сөздүгүнөн төмөнкүдөй этнографиялык материалдар кездешет: «чач кырк- ист. отрезать косу (самое позорное наказание женщины); чачы кыркылган аялдар адам катарынан чыгуучу женщины с отрезанной косой уже не считались за людей (Юдахин 1965:852). Сыягы, олжого келип, чачы кыркылган же кесилген кыз-келиндер да алардын катарына кирген. Кырк- жана кес- деген этиштер синоним болгондуктан, келин-кесек жана кемпир-кесек деген кош сөздөрдүн курамындагы кесек компонентин да кыркын компонентинин синоними катары карап, жогоруда көрсөтүлгөн «невольница, наложница» мааниси бул компонентке да тиешелүү болсо керек деп божомолдоого болот.