Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ысуу. Абылдын денеси кызып, тердеп да калды (Касымбеков). Күн кызып, улуу шашке болгон убак (Абдыраманов). 2. Күчөө. Отургандардын сөзү кызыды (Жантөшев). Иш кызыды (Таштемиров). 3. Делебеси козголуу, кызыгып кетүү, толкундап кетүү. Белинен кыл комузду сууруп алып, Мендибай кызып кирди күүнү чертип (Шамшиев). Суусамырдын коён жатагына чейин белгилүү болгондуктан, анын Черик мергендин да сөзгө аралашкысы келип, делебеси кызып отурат (Байтемиров). 4. Кызымтал болуу, кызымтал абалга келүү. Кызып калган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров).