Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник; кызматкерлердин.. чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»). Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков).
  1. 2.           Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»).
  2. 3.           өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутатэлдин кызматкери.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник кызматкерлердин чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек. Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»). 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат – элдин кызматкери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТКЕРДИ ЖЕКЕ КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – кызматкердин демалуу, угуу, көрүү органдарын, терисин жагымсыз касийеттердин таасиринен сактоого арналган жекече каражаттар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТКЕРЛЕР – акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде иштөөчү, өздөрүнө берилген укук милдеттерди жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу кара күчтү талап кылбаган жумуш жасаган, акыл эмгеги менен мээнеттенген кызматкерлер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЖЕКЕ ЖАНА ЖАМААТТЫК КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ – зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийген таасирин жок кылуу же азайтуу, ошондой эле булганып калуудан сактоо максатында колдонулуучу техникалык каражаттар.