Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Териси баалуу, сууда жашоочу кара күрөң түстөгү сүт эмүүчү жырткыч жаныбар. Будурунда бугу бар, Кумдак сууда кундуз бар («Манас»). Кылычтын көркү курчунда, Кундуздун көркү сыртында (Токтогул). 2. Ушул жаныбардын териси. Кундуз тебетей. Жабык баштын жээгине Карыш кундуз кадалган (Бөкөнбаев). || Ушул жаныбардын терисинен жасалган кийим. Кыздарыкиет кыргыздын Кымбат баа кемсел кундузду («Курманбек»). 3. Ушул жаныбардын терисиндей (түсүндөй) жылтылдаган чачка карата айтылат. Өрүлүп аркасына кундуз чачы, Чийилип тууган айдай эки кашы (Үмөталиев). 4. Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүнү жана аттын шыйрагынын ушул тушу. Аттын кундузунан кан алыптыр.