песчаный;
кумдуу жер песчаное место, песчаная почва.
сын. Куму көп, куму бар, кумдак. Какыраган кумдуу чөл, Калаалуу кооз жер болду (Бөкөнбаев). Кумдуу талаа көк болуп, Агызды суудай жемишти (Бөкөнбаев).
Куму көп, кум баскан, кумдак. Какыраган кумдуу чөл, Калаалуу кооз жер болду (Бөкөнбаев).
Жердин кумдуу бетинен кумду соруп алып, мамы сымал уюлгутуп тик көтөрүп айланып учкан куюн. Кумдуу куюн бет талаштыра уруп, көз ачырбады.
КУМДУУ-СУУ — топоним. Жанаша аккан К.-С. жана Кара-Суу деген дарыялардын бир тарабына Манастын колу, экинчи тарабына Орго кандын колунун:
Желбиреп желек туу болуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Бир жагында Кумдуу-Суу,
Эки жагы суу болуп (Сагымбай Орозбаков, 2. 79) ортодогу кургакта өткөн согушта Орго кандын колу жеңилип, өзү өлөт.
Кумдуу рельеф мүнөздүү чөл. Кумдуу чөл башка чөлдөргө караганда жер астындагы сууларга бай келип, өсүмдүктөр арбыныраак өсөт да, чарбада жайыт катары кеңири пайдаланылат.