КУЛАКТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кулагы бар, кулагы бир нерсеге окшоп кеткен, окшоштугу бар. Камыш кулактуу келген кара кер бышты. 2. Кулагы соо, дүлөй эмес, кулагы жакшы уккан. Кулактуу кишиге бир айткан эле жетпейби («Чалкан»). 3. өт. Акыл-эси ордунда, акылы жетик. 4. Кармай турган кулагы, туткасы бар. Айылдын эли алты кулактуу чоң кара казанды алып келишти (Абдукаримов).