Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын көкүрөк, колтук жагы, кийим менен дененин арасы. Улан коюн чөнтөгүнө эки жүзүн салды (Бейшеналиев). Айнысахан түйүнчөктү койнуна катты (Жантөшев). Киргил суу толуп койнуна, Кийими оордоп чыланды (Бөкөнбаев). 2. Адам жаткан төшөктүн ичи. Акылай баласын койнуна алып жатты («Ала-Тоо»). 3. Арасы, ичи (мейкиндик, орун жөнүндө), камтыган кучагы. Суусамырдын кең коюну миллиондогон мал болсо да кенен батырчудай (Байтемиров). Темир жол Ала-Тоонун койнун ачты (Турусбеков). Мекеним – тоо койнунда толгон шахты (Маликов). Жер бети түн койнунда салбарыңкы, Эрки жок адамзатка багынгандай (Токомбаев). 4. Үркөр менен Ай бири-бирине жакындап келген учур.