КОШЧУ І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жол жүргөн адамдарды, даражасы улууларды жандап, кызматын тейлеп жүрүүчү киши. Алтымыш баатыр кошчу алам, Аттанып өзүм жол чалып («Сейтек»). Акундун кызы Айчүрөк, Отуз кызды кошчу алды («Семетей»). Тепесин таштап сулатып Кара ниет түгөнгүр, Кошчуларын кубантып («Эл адабияты»).