КОШ II
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаИранча кош сөзү сөзмө-сөз «жакшы» маанисин берет. Кош келипсиздер! деген учурда дал ушул маанидеги сөз айтылат. Ал кээде куш келипсиздер! түрүндө да колдонулуп жүрөт. Коштошуп жатканда кайыр кош, жакшы барыңыз! деп айтканда үч жолу «жакшы» сөзү айтылат: кайыр — арабча, кош— иранча, жакшы — кыргызча.