КОШ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кичине боз үй, жеңилдетилген боз үй (убактылуу жашоо үчүн ылайыкталган). 2. Жүрүш учурунда колдун – жоокерлердин убактылуу токтогон жайы. Бул сөз кээде оорук деп да аталат. Чоң курулушка келгендердин кошторунан уюлгуп түтүн чыгып турду (Сасыкбаев). Малчылар кошторун артты (Убукеев). Кош колоңдун баарысын, Кош атына жүктөшүп («Манас» С. О.). 3. Көчмөн элдин жүгү. Алты атка кошун жүктөтүп, Алтынды башка арттырып («Манас»). 4. Колдун, же жалпы эле жолдо, өз айылынан башка жерде (конокто, аш-тойдо ж. б.) жүргөн адамдардын өз ынтымагына, туугандык белгисине, же башка байланыштарына карата бөлүнгөн анча чоң эмес тобу. Кош башына бирден бээ, Коштоп келип союшуп («Манас» С. О.).