Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылган менен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Адабий гезит»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).