Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эпилдеп-жепилдеп бирөөгө жалынып, ишенимге өтүүгө, өз кишисиндей болуп жакындашып, аралашып кетүүгө аракеттенүү. Курманбай мен жокто таенемдин колтугуна кирип алып, жамандай берчү (Элебаев). В.: Коюн-колтугуна кирүү. Салийма эбиреп-жебиреп, Мария Петрованын коюн-колтугуна кирип кетти (Абдукаимов). Бошкой ырчы Мусакожо чоң болуштун укум-тукумунан бери мактап, коюн-колтугуна кирген (Бейшеналиев).