Киргизско-русский словарь Юдахина
коломсок (в эпосе)
то же, что саадак 1;
коломсоктон ок алып фольк. взяв стрелу из колчана;
коломсокко кол салды, ошо кушка ок алды фольк. сунул он руку в колчан и достал стрелу на ту птицу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калың булгаарыдан, же төөнүн терисинен түбү куушураак, ооз жагы кең кылып жасалган, ичи көңдөй жаанын огун салуучу куту – баштыкча. Коломсок көбүнчө жебенин кабы деген мааниде кеңири колдонулган. Коломсокко кол салып («Манас» С. О.). 2. саадак менен бирдей.