КОЛЕК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Дубал куруу үчүн ылайдан кол менен тоголоктолуп жасалган кесек. Ар кайсы жерде чочойгон Колектен салган там эле (Осмонкул). Муну көрүп, Кылычбек эл чогулуп, колхоз уюшулгандан кийин күрүлдөп кой ферма болуп турганын, өзү бир колек ылай урбай, бу бастырманы ошондо киши жалдап салдырганын, алдыртан жеп-ичип, андан артканына жыйырма чакты жандык курап алганын эстейт (Жакыпбеков).