Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү бир тексттин ж. б. алдына фамилиясын өз колу менен жазып, аны ырастоо, же бир нерсеге макулдугун, бир нерсенин анык туура экендиган билгизүү. Документтерге кол койду. Өргүүгө чыгуу жөнүндөгү арыздарга кол койду. 2. Кандайдыр бир иштин, бир нерсенин аткарылышы, бүтүшү жөнүндө бирөөгө карата ишеними артуу, ошол иштин аткарылышына көзү жетүү, ага толук макул болуу. – Кагылайын Зукешим, сага мен эми кол койдум, ишке жарапсың, – деп, өзүнөн өзү күлүңдөдү (Баялинов). Көрсө, касиети артык «машайыкка» айланыпсың. Кол койдум, баатыр акеси. Аман бол (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛ КОЮУ БАРАГЫ – депутаттыкка (же башка шайлануучу кызматка) талапкерди көрсөтүүнү, же болбосо шайлоо бирикмесинин, шайлоо блогунун талапкерлеринин тизмесин колдоого кол чогултууга арналган барак. К. к. б. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген өзгөчө таризде даярдалат.