Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүт бардыгын, ийне-жибине чейин, ой-чуңкурунан бери, эч нерсесин калтырбай. Аскар коёндун жатагына чейин жазбай байкашка ашыгат (Сыдыкбеков). В.: Коён жатагына чейин. Бул жерде коён жатагына чейин жазбай билгендигин ошондо түшүндүк («Кыргызстан маданияты»). Черикке Суусамыр коён жатагына чейин белгилүү (Байтемиров). Коён жатагынан бери. Алай тараптагы жерлерди коён жатагынан бери түшүрүлгөн карта боюнча үчкө бөлүштү (Осмоналиев).