Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күнү бою, караңгы болуп, кеч киргенче. Койчу, балам, кечке тамак ичпедиң, ачка болбогондо канттиң (Байтемиров). Кечке жумуш кылып чарчагандыгын билишпей, бири кыяк тартып, калгандары бийлей башташты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кеч киргенге, күн батарга жакын, кечкурун. Кечке маал капчыгайдын өрдөшү алда кандай бир кооз көрүнүш менен капталды (Сасыкбаев). В.: Кечке жуук. Мен колума таяк алып, айылга кечке жуук жетип бардым (Сыдыкбеков).