Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыйылбай, аянбай таштап салуу, карабоо, мейли деп коюу, аёо кылбоо. Үй-жайдан да, бала-чакадан да кечкен кишилер бар (Абдукаримов). Ошондон түшкөн пайданы кечтим деп, карабай кете берер элем («Ала-Тоо»). 2. Туугандык, жакындык мамилени үзүп, араздашып калуу, кетишүү. Тууган деп түштүк үйүңө, Тартуубузду бербесең, Таарындык – сенден кечебиз («Эр Табылды»). Баламдан кечип, карабай коюуга жүрөгүм чыдагыдай эмес («Ала-Тоо»). 3. Ичине кек сактабай, айыбын, күнөөсүн кечирип коюу, айып этпөө. Бул айыпты кечиңиз, Кечпес болсоң айыпты, Мынакей башты, кесиңиз! («Манас»). Тарбиядан тайкымын, Орой айтсам, кечип кой, аба («Сейтек»). Жаңылыпмын бир жолу, Кечип койчу сен муну (Жантөшев).