1. Күн батып, караңгы түшкөн мезгил. Кеч кирген убак. Бүгүн кечте келүү керек. 2. Эрте эмес, өз убактысында (маалында) болбогон, кечиккен шартта. Ой, баса, азыр да кеч эмес (Байтемиров). Сапар шахтадан күндөгүдөн кеч кайтты (Сасыкбаев). Эртеси Жылдызкандар кеч ойгонушту (Байтемиров).
1. Агын суудан (кечүүдөн) өтүү, суу токтогон же суу каптаган жер менен басуу, жүрүү. Кеч жөнөдү турбастан, Күркүрөп аккан суу кечип (Тоголок Молдо). Ушул өзөндүн өйдөкү кечүүсүнөн кечип өтүүгө мүмкүн болбой, суу катуу кирип турган убак эле («Ала-Тоо»). Көлчүктү ары-бери кечип, балдар куушуп ойноп жүрүштү («Жаш ленинчи»). 2. өт. Баштан өткөрүү, жашап, көрүп өтүү. Жалганчы болуп жүргүчө, Жалгыз жүрүп күн кечем («Эр Табылды»). Көздөн агып мончок жаш, Эмнелерди кечпеди (Турусбеков).
1. Кыйылбай, аянбай таштап салуу, карабоо, мейли деп коюу, аёо кылбоо. Үй-жайдан да, бала-чакадан да кечкен кишилер бар (Абдукаримов). Ошондон түшкөн пайданы кечтим деп, карабай кете берер элем («Ала-Тоо»). 2. Туугандык, жакындык мамилени үзүп, араздашып калуу, кетишүү. Тууган деп түштүк үйүңө, Тартуубузду бербесең, Таарындык – сенден кечебиз («Эр Табылды»). Баламдан кечип, карабай коюуга жүрөгүм чыдагыдай эмес («Ала-Тоо»). 3. Ичине кек сактабай, айыбын, күнөөсүн кечирип коюу, айып этпөө. Бул айыпты кечиңиз, Кечпес болсоң айыпты, Мынакей башты, кесиңиз! («Манас»). Тарбиядан тайкымын, Орой айтсам, кечип кой, аба («Сейтек»). Жаңылыпмын бир жолу, Кечип койчу сен муну (Жантөшев).