Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЕПКЕ КЕМТИК БОЛУУ Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Мидин Алыбаев).