Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сөз аркылуу берилген ой-пикир, адамдардын бири-бирине айткан, сүйлөгөн сөздөрү Жарайт, калган кепти өзүм таап айтам (Жантөшев). Так калтырбай алып кал, Таңшыган ширин кебимди (Токтогул). 2. Кимдир бирөөнүн жүрүм-туруму, кылыгы, айыбы ж. б. жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн, белгилүү болгон ой-пикир же ар кандай ушак сөздөр. Элге кеп болгудай эмне айыбым бар эле? («Ала-Тоо»). Мен жөнүндө далай кептер айтыла баштаган экен да! («Чалкан»). Жашоодосуң дейли шаарда бул кезде, Сен тууралуу, маселен, бир кеп кетсе (Сахгами). 3. Элге жаңыдан угулган, оозго алына баштаган кабар, ар кандай жаңылык, имиш-имиш сөздөр. Айыл-апада эмне кеп бар? Ушундай деген кеп бар деңизчи. 4. Иштин, белгилүү бир маселенин ж. б. негизи, түйүнү, өзгөчө көңүл бура турган жөнү, маңызы, себеби. Кеп Мамбеткулдун ордуна башка бирөөнү жылдыра коюуда эмес. Аны менен эле иш бүтө калбайт («Ала-Тоо»). Сугатты бүтөрүн бүттүк, кеп анда эмес. Эмки иштин жөнү эмне болмокчу? («Ала-Тоо»). 5. Мандем, анча белгилүү боло бербеген сыр, себеп. Баса, мунун иреңинин азып кеткенинде кеп бар! (Каимов). 6. Үйлөнүү же көңүл жакын болуу максатында бирөөгө (аялга, кызга) билдирилген сунуш, ой-пикир. «Кыздарга кеп айткыдай боло элек, уулубуз али жаш» деп жүрүп, бир күнү келинчек ала качып келе калганда эмне кылар экенсиң? («Ала-Тоо»). Көрүүдөгү талдайсың, Кеп айттырсам кандайсың? (Барпы). 7. «Кыйын деле эмес», «кыйынчылыгы жок», «оңой эле», «ит бекер» деген мааниде айтылат. Жүз сом сен үчүн кеппи! Бир келген конокко кой союп сыйлап коюш кеп бекен. Эч кандай кыйынчылык кеп эмес.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин сырткы кебетеси, калыбы, түзүлүш формасы. Үйдүн кеби жакшы. Кебин сыйрып алды эле, Кер муруту келишкен, Жигит боло калды эле. 2. Башка бир кебетеде болуу, ошого окшошуу, түспөлдөшүү үчүн кийиле турган бет кап, кийим же ошонун сырт кебетесин билдирген нерсе. Көк серкенин терисин кеп кийип алган Эмил сакалын экчей үңкүрдөн чыга берди (Сыдыкбеков). Кудай бардыр, куу Кыяз, Дуба окуп сен үчүн, Ак куу кебин кийбесем («Сейтек»). 3. Кармалган куштарды салуу үчүн кийизден жасалган баштыкча. Кеп баштык. Бүркүттүн кеби. 4. Канаттуулардын, жаныбарлардын туюк сыйрылып алынган терисинен тирүү кезиндегисине окшотуп жасалган кебете. Улардын кеби. Илбирстин кеби.