Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Казан асууга, от жагууга ылайыкталып, жерди оюп же жээгин кырдап жасалган очок. От жагылган кемегеде чоң казан эт кайнап жатат («Ала-Тоо»). Ушул кемегеге чай кайнатып ичип алалы (Жантөшев). Кемегесинде он эки карыш казан («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Анчалык даңазалуу эмес, өтө чоң эмес, чакан ат чабыш. Быйылча жетилтип, байгеси болобу, башкасы болобу, эмки жылы чабайын деп, сактанып жүргөн Кылычбек бу жолу кызып кетип, быштысын кемеге байгеге кошуп жиберди (Жакыпбеков). В.: Көр байге. Бүгүн кылдым көр байге, эртең кылам чоң байге (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң ашта, атактуу тойдо кемегелерде бышып жаткан эттерди бышырып туруучу, анда бышып жаткан эттерди башкаларга талаттырбай карап туруучу адам. Кемегенин жарчылыгы, Тубарбайга анык тийип, анын кылаар укугу ушу, Эт иреттейт, үнү бийик (Чоробаев).