Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымкап өңдүү кездемеге бастыруу үчүн колдонулуучу жезден жасалган ичке зым жип же алтын-күмүшкө буулатылган жип. Азапты тартып мен жүрдүм, Келеден чапан мен түйдүм («Эл адабияты»). 2. Абдан кымбат баалуу калың кездеме. Келеден чапан мен түйдүм.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн талап кылууну, бергин деп суроону билдирүүчү сөз. «Келе бери ай балтаны!» – деген катуу кыйкырык чыгып, боз үйдүн айланасына жете келген аттын дүбүртү угулду («Ала-Тоо»). Акман аке, келе комузду (Сыдыкбеков).