КАЧЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакын эмес, аралары алыс, оолак. Бул сыяктуу тумандаган ойлордон Дарыяхан да качык эмес эле (Жантөшев). Тыңшагын, татынакай ашык жигит, Иш менен сөз ортосу качык жигит (Токомбаев). Кокусунан! Үзөнгүсүн кагыштырып алгандар өзүн-өзү сөгүп, биринен-бири качык бастырууга тырышат (Жантөшев). Жаш адамдын калпычылык, арамзалык, жан бактылык сыяктуу жаман адаттардан качык болгону өз келечеги үчүн пайдалуу («Кут билим»). Көптөн бери качык тартып, мага бой салбай калдың («Ала-Тоо»).