1. Жармага, көжөгө катыкталуучу айран, сүт, жуурат. Байдын таягын жеп, айранын ичкенден көрө, жатакчылардын бири болуп, катыгы жок кара жармаңды ичип жүр (Токомбаев). 2. Суюк оокат даярдоо, куурмачтоо үчүн жумшала турган эт, май.
Жазасын берүү, сокку уруу, кадемин катыруу. Пейли бузук душмандын, Берген эле катыгын (Тоголок Молдо). Тенти кээде жай сүйлөп эле катыгыбызды берип койчу (Бейшеналиев).
Ишке же жашоо-тиричиликке, кыйынчылыкка ж. б. такшалуу, кагылуу, токтолуу. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп («Эр Табылды»). Өйдө-ылдый шартка көнө элек, катыга элек балага мындай милдетти тагып коюуга боло койбос («Ала-Тоо»).