КАТУУ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Катып калган, борпоң, жумшак эмес. Коңторо чаап майдалап, Катуу жерин эриткен (Осмонкул). Ашыр көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатты (Сасыкбаев). Жыгачтын катуусунан жасалган аяк, кашыктарыңды бергиң жокпу («Ала-Тоо»). 2. Оор, кыйын, кыйноо тарттырарлык, алсыратарлык. Бир ай болду абакем, Оорусу катуу Кадырдын («Мендирман»). Атакеңдин башы ооруйт, Өлчөлүү жерим катуу ооруйт («Эр Төштүк»). 3. Аябай, өткөрө, эң эле, өтө эле. Мен сизге катуу уят болдум («Ала-Тоо»). Кабары катуу чыкты («Чалкан»). Ачуусу катуу келген экен («Ала-Тоо»). 4. Бек, күч менен. Эшик ачылып, катуу жабылды (Сыдыкбеков). Эл дүрүлдөп катуу күлүп жиберди (Токомбаев). Катуу чаппа, этин оорутасың («Чалкан»). Катуу кыйкырып, катуу ыйлап коркута албайсың балам, башка түшкөндү көтөрбөскө айлаң жок («Ала-Тоо»). 5. Тез, ылдам, күү менен. Шахтёр катуу чуркагандыктан, жалтырак асфалътка тайгаланып, көмөлөнүп да кетти (Сасыкбаев). Катуу келдим, Минген атым кара тер, Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң, кайсы жер? (Осмонов). Арчатору буудан да, Ачуурканып камчыга, Арышын катуу керди эми («Эр Табылды»). 6. Оор, орой, көңүл ооруткудай, капа кылгыдай. Бардыгынан Татыбекке ушул катуу тийди (Байтемиров). Акырында атам катуу сөздөрүн айтуудан да тартынбады (Жантөшев). Бердибектин сөзү катуу айтылат (Шамшиев). 7. Күчтүү, бекем. Катуу шамал. Агымы катуу дарыя. Катуу толкун. 8. Чыдамдуу, туруштук бере турган күчү бар. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу (макал).