Бир нерсенин тизмесин жүргүзүү үчүн эсепке алуу. Сени бир бөтөнчө тизмеге каттап койду (Байтемиров). Бул экөөбүздү жаңы түтүн эсебине каттады (Жантөшев).
Кабат-кабат, кат-кат кылуу, үстү-үстүнө кабаттап жыюу. Соот, чопкут, олпокту, Каттай кийип алгыла («Эр Табылды»). Жууркандарын, кийиз-кечелерин каттап жыйып койгон төрдөгү жүккө көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Шырдакты эки каттап сала койчу («Ала-Тоо»).
1. Бири-бирине катышуу, катыш жасоо, келип-кетип туруу. Баягыдай тез-тез каттап турууга шарт болбоду («Чалкан»). Катарлаш айыл конгондо, Каттап доор бир сүрдүм (Жеңижок). Салык досунукуна көп эле каттайт (Каимов). Боз үй менен сарайдын ортосун миң мертебе каттады окшойт (Бөкөнбаев). 2. Барып туруу, убакты, сааты менен бир жерден экинчи жерге кайталап барып-келүү. Үч араба бир бригад болуп, станцияга каттай беришсин (Айтматов). Машина бир күндө үч каттай турган жөнү бар, жакын эле жер го («Ала-Тоо»)!
диал. Чоң, ири. Катта-катта үйлөр курулду, жаңы шахталар ачылды (Сасыкбаев). Узун жүнү түксүйгөн, Башы катта үксүйгөн (Барпы).